Баткенде «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өттү
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Баткен шаарында жана Самаркандек айыл өкмөтү аймагында бүгүн, 8-майда «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өттү.
Иш-чарага башка мекемелер менен катар 2022 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы да катышты.
«Самаркандек» чек ара заставасынын аскер кызматчылары жергиликтүү тургундар менен биргеликте өткөргөн иш-чара жаштардын мекенчилдик сезимин ойготууга таасирдүү болгондугун айылдын аксакалдары белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен шаарынын жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундары согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине арнап куран окутушуп, эстеликтердин алдына гүлчамбарлар коюлду.
«Самаркандек» чек ара заставасынын өздүк курамы кол уруш демонстрациялашып, көрүүчүлөргө шамдагай, күчтүү экендигин көргөсүштү.
«Өлбөс полк» иш-чарасы аскер кызматчылардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.
