Бишкектин бир бөлүгүндө 17-апрелде ичүүчү суу болбойт. Карта
Бишкектин бир бөлүгүндө 17-апрелде саат 09:00дөн 16:00гө чейин ичүүчү суу болбойт, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району:
- Абакан көчөсү-Дэн Сяопин пр. - Кустанай көчөсү-темир жол линиясы;
- Кустанай көчөсү-Волков көчөсү-Садыгалиев көчөсү, - Дэн Сяопин пр.
Ичүүчү суу "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

