Акыйкатчы институту Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада мониторинг жүргүздү
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды бейтаптардын татыктуу шарттарда медициналык жардам алуу укуктарын сактоого жана психиатриялык жардам көрсөтүү системасын жакшыртууга чакырат.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада мониторинг жүргүзүштү.
Кызыл-Жарда 305 орунга ылайыкталган 6 бөлүм иштейт. Ал эми ооруканада 273 бейтап бар, анын 100у соттун чечими менен мажбурлап дарыланууда жаткан соттолгон адамдар, 30 бейтап – катуу режимде, 37 – күчөтүлгөн режимде жана 33 – кадимки режимде дарыланууда.
Мониторингдин жыйынтыгында бир катар системалуу көйгөйлөр аныкталды.
Текшерүү учурунда бейтаптардын психиатриялык мекемеде жаткан мөөнөтүнүн негизсиз узартылганы белгилүү болду.
Стационардык дарылануу курсу аяктаганына карабастан, 57 адам, анын ичинен 39у – 3 айдан ашык, ал эми 18и – 5 жыл жана андан ашык убакыттан бери ооруканада жатат.
"Психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулары бар адамдарга стационардык жардам көрсөтүү жөнүндө" жобого ылайык, стационарда жаткан мөөнөт дарыгерлер комиссиясы тарабынан кабыл алынган учурларды кошпогондо, 90 күндөн ашпашы керек.
Оорукананын администрациясынын айтымында, айрым бейтаптардын дарылоо мөөнөтүн аргасыздан узартып турушат. Анткени Ош жана Жалал-Абад облустарында дарылоодон кийин которуу үчүн чоңдорго арналган психоневрологиялык интернат жок.
Айрым бейтаптардын бара турган жери жок, кээ бирлеринен туугандары баш тартышкан же алар менен байланышын жоготушкан.
Мындан улам орундар дарылоону аяктаган, бирок социалдык камкордукка муктаж болгон бейтаптар менен толуп, ал эми чындап ооруканага жаткырууга муктаж болгондор орунсуз калып жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 4 психиатриялык ооруканада которууну күтүп жаткан 50гө жакын бейтап, ал эми бүткүл республика боюнча 298 бейтап бар.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бейтаптардын жана медициналык персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу чараларынын сакталбагандыгы да аныкталды.
Эки мажбурлап дарылоо эркектер бөлүмүндө соттолгон бейтаптар байкоо режимдерин эске албай жайгаштырылган. Оор кылмыштарды жасаган бейтаптар жеңилирээк кылмыш боюнча соттолгондор менен бирге дарыланууда.
Мындан тышкары, мекемеде оорукана кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн тийиштүү чаралар камсыздалган эмес.
Оорукананы сырттан Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери кайтарат, бирок ички коопсуздугун камсыздабайт.
Дарыгерлер мажбурлап дарылоо бөлүмдөрүнө кароолсуз киришет. Коридорлордо коопсуздук коңгуроо баскычтары жок.
Белгилей кетсек, ченемдик актыларга ылайык, психиатриялык оорукананы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кайтарышы керек.
Ошондой эле, бейтаптардын арасында оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган адамдар бар экендигин эске алуу зарыл.
Мисалы, ооруканада жаткан бейтаптар боюнча сот чечимдеринин анализине ылайык, мажбурлап дарыланууда жаткандардын 24,2% киши өлтүрүү, 16,2% ден соолукка оор залал келтирүү, 16,2% сексуалдык мүнөздөгү, 9,1% баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, 4% коомдук коопсуздукка каршы, ал эми дагы 15,1% башка кылмыштар боюнча соттолгон.
2025-жылы Кызыл-Жардан 2 жолу бейтаптар качкан жеринен кармалган.
Аялдар бөлүмүнүн коопсуздук маселеси дагы курч. Соттолгон аялдар башка бейтаптар менен бирге дарыланышат.
Ооруканада кадрлардын жетишсиздиги жаш адистерди аймакка тартуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылат.
9 психиатрдын ордуна 4 психиатр иштейт, алардын экөө пенсионер. Ошондой эле стоматолог, невропатолог, невролог, терапевт жана лаборант керек. Ооруканада жалпысынан 226 адам эмгектенет.
Кызыл-Жардагы медицина кызматкерлери 2020-жылдан бери Стамбул протоколун колдонуу боюнча окутулбаганы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Анткени, кыйноо жана ырайымсыз мамиле фактылары катталбай калышы ыктымал. Себеби, оорукана жетекчилиги, денесинде зомбулуктук белгилери бар бейтаптар келип турарын тастыктады.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аныкталган мыйзам бузууларды жана системалуу көйгөйлөрдү жоюу боюнча Министрлер Кабинетине сунуштама жөнөттү.
Сунуштардын катарында Акыйкатчы соттолгон адамдар үчүн атайын психиатриялык мекемени куруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерди Стамбул протоколу боюнча жыл сайын окутуу зарылдыгы айтылды.
Мониторингдин жыйынтыгы Министрлер кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында каралып, аткарууга алынды.
