Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 20% кымбаттады
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 июль

Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 20% кымбаттады

2026-жылдын 21-июлуна карата Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо керектөө баасы литрине 106,3 сомго жетти.

1-июлга карата АИ-95 бензининин орточо баасы литрине 88,88 сом болгон. Үч жуманын ичинде баа 17,42 сомго, же дээрлик 20%га жогорулады.

АИ-95 бензининин эң жогорку баасы – литрине 109,9 сом – Нарын, Раззаков, Кара-Суу, Манас районунун Семетей айылы, Талас, Бишкек жана Ош шаарларында катталды.

Эң төмөнкү баалар Балыкчыда – 91,25 сом, Кербенде – 91,39 сом, ошондой эле Токтогулда – 94,04 сом болду.

Июль айындагы АИ-95 бензининин орточо баасы 92,73 сомду түздү. Бул көрсөткүч июнь айындагы 87,31 сомго салыштырмалуу 5,42 сомго, же 6,2%га жогору.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензин да кымбаттады. Анын орточо баасы 1-июлдагы 80,54 сомдон 21-июлга карата 85,21 сомго чейин өсүп, 4,67 сомго, же 5,8%га көбөйдү.

АИ-92 бензининин эң жогорку баасы Ош шаарында катталып, литри 87,19 сомдон сатылды. Эң төмөнкү баа Талас шаарында болуп, литри 79,57 сомду түздү.

Июль айында АИ-92 бензининин орточо баасы 81,83 сом болсо, июнь айында бул көрсөткүч 80,39 сом болгон.