Туризм жана инвестиция. Ошто кыргыз-өзбек ишкерлери кызматташтыкты талкуулашты
Ош мэриясы
22 июль

Туризм жана инвестиция. Ошто кыргыз-өзбек ишкерлери кызматташтыкты талкуулашты

Ош шаарында бүгүн, 22-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, форумдун ишине ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тилектеш экенин билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргызстандын жана Өзбекстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Өзбекстандан келген 80ге жакын ишкер катышкан форумда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ош шаарынын туристтик потенциалы боюнча презентация өтүп, шаардагы туристтик багыттарды өнүктүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары катышуучулар Ош шаарында ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык, шаар куруу жана социалдык-экономикалык долбоорлор менен таанышышты.