Нарында милиция германиялык туристтин жоголгон буюмдарын таап берди
2026-жылдын 19-июлунда Нарын облустук ички иштер башкармалыгына Германия Республикасынын 1998-жылы туулган жараны Ханна Паулине Цвайгарт (Hannah Pauline Zweigart) кайрылып, Ат-Башы районунан Нарын шаарына келе жаткан учурда өзүнө таандык жарандык паспортун жана акча каражатын жоготуп алганын билдирген.
Бул факты Нарын ОИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында туристтин жоголгон жарандык паспорту жана акча каражаты толугу менен табылып, мыйзамдуу ээсине өткөрүлүп берилди.
Нарын ОИИБ жарандарды жана чет өлкөлүк конокторду өздүк документтерине жана баалуу буюмдарына кылдат мамиле кылууга чакырат.
Ошондой эле кандайдыр бир кырдаал жаралган учурда дароо ички иштер органдарына кайрылууну өтүнөт.
