Каракол капчыгайына унаа менен барууга убактылуу чектөө коюлду
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол капчыгайына унаа менен барууга убактылуу чектөө коюлду. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21-22-июль күндөрү жаап өткөн нөшөрлүү жаандан улам Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам атайын буйруктун негизинде капчыгайга унаа менен барууга убактылуу чектөө киргизилди.
Мындан сырткары, башкармалык жарандарды, туристтерди аталган аймакка барбай турууга чакырды.
Жеринде Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. Ал эми суунун жээгин бекемдөө иши суунун көлөмү азайганда башталат.
Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу Кыргызгидромет 21-25-июль күндөрү нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлө тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.
