Ош ОИИБ: Алай районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды
22 июль

Ош ОИИБ: Алай районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

Алай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чаранын жүрүшүндө, ыкчам иш аракеттердин жүрүшүндө 38 жаштагы К.К., аттуу жарандан эч кандай документи жок, “ТОЗ-11” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен аныкталып алынган.

Бул факты Алай РИИБдин маалыматтык электрондук журналына Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, тергөө иштери башталган.

Алынган ок атуучу куралга тиешелүү экспетизалар дайындалып, жыйынтыгы чыгарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жарандарга эскертүү! Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.