Сүрөт ачык булактардан алынды
22 июль
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө деңгээли төмөндөдү
Өткөн сутканын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт·саатты түздү.
Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, бул көрсөткүч мурунку күндөргө салыштырмалуу электр энергиясын керектөө деңгээлинин төмөндөгөнүн көрсөтөт.
2026-жылдын 22-июлуна карата Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Алдыдагы күз-кыш мезгилине (ККМ) даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.
