Чүй облусунда суурлардын абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү
22 июль

Чүй облусунда суурлардын абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында суурлар арасында, анын ичинде чума оорусуна шектенүүгө негиз боло турган белгилер аныкталбаганын маалымдайт.

Текшерүү социалдык тармактарда суурлар арасында мүмкүн болгон оору тууралуу тараган маалыматка байланыштуу уюштурулду. Кырдаалды баалоо максатында Ветеринардык кызматтын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер суурлардын популяциясынын абалына визуалдык байкоо жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында жаныбарлардын абалы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери аныкталбаганы белгиленди.

Мындан тышкары, Чүй облусунда буга чейин чуманын табигый очоктору катталган эмес.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга каршы көзөмөл тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлөт. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасында Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарында атайын чумага каршы станциялар иштеп, алар мониторинг жүргүзүүнү жана алдын алуу иш-чараларын камсыздайт.