Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору Тынычбек Саидов Ош облусуна иш сапары менен барды
Иш сапардын алкагында Тынычбек Саидов Ош аймактык бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышты. Учурда объектте негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, ички жасалгалоо, жабдуу жана айланасын көрктөндүрүү боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.
Борбордун директору аткарылган иштердин сапатына, имараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жана жарандар үчүн түзүлүп жаткан шарттарга өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу аяктоо жана объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жаңы эки кабаттуу административдик имаратта транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номер белгилерин берүү, ошондой эле айдоочулук курамды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча кызматтар бир жерде көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, имаратта 50 орундуу күтүү залы жана бир учурда 62 жаранга теориялык квалификациялык экзамен тапшырууга ылайыкталган заманбап экзамен залы каралган.
Ошондой эле бардык категориядагы транспорт каражаттары үчүн практикалык квалификациялык экзамендерди кабыл алууга ылайыкталган жаңы заманбап автодромдун курулушу да уланууда.
Жаңы административдик имараттын пайдаланууга берилиши жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
