Садыр Жапаров “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты
президенттин администрациясы
12 сентябрь

Садыр Жапаров “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, “Айтматов ааламы” мемориалдык маданий-тарыхый комплексинин ачылыш аземине катышты.

Комплекс улуу кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын классиги, ойчул жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун мекени — Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында жайгашкан.

Ачылыш аземине жазуучунун жакындары, туугандары, ардактуу коноктор, ошондой эле Айтматов районунун тургундары катышты. Комплекстин ачылышына карата сөз сүйлөгөн Мамлекет башчысы анын өзгөчө улуттук жана руханий маанисин белгиледи.

Президент белгилегендей, “Айтматов ааламы”улуу жазуучунун чыгармачылык жана руханий мурасын сактап, келечек муундарга жеткирүүгө, ошондой эле Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын кеңири жайылтууга багытталган.

Ошондой эле Садыр Жапаров Айтматовдун ысымы Кыргызстандын символдорунун бири жана бүткүл адамзаттын баалуулугу экенин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу комплекс жөн гана музей эмес, маданияттын, илимдин, агартуунун жана руханий тарбиянын борбору болууга тийиш экенин айтты.

“Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын адеми курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү болуп саналат. Анткени Айтматов – адам баласын табият менен гармонияда жашоого чакырган, ар кыл маданияттар менен диндердин карама-каршылыгын эмес, алардын өз ара түшүнүүсүн жана диалогун жактаган, келечек үчүн коңгуроо каккан жалпы адамзаттык деңгээлдеги нравалык лидер!”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы жаш муун үчүн үлгү болуп, Жаңы Кыргызстандын маданий кайра жаралуу булактарынын бири болууга тийиш экенине токтолду.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров жазуучунун эстелигине гүл коюп, Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, ошондой эле анын чыгармаларында чагылдырылган жалпы адамзаттык баалуулуктар менен тааныштырган маданий-агартуу жана туристтик борбор катары түзүлгөн комплекс менен таанышты.

Мамлекет башчысына жазуучунун чыгармаларынан кыскача театралдаштырылып көрсөтүлдү.

Комплекстин борбордук объектиси - чжазуучунун өмүр жолу, чыгармаларынын дүйнөлүк адабияттагы орду жана коомдук ишмердиги тууралуу баян кылган экспозициялар жайгашкан музей.

Президент музейде Коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Музейге келгендер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен таанышып, адабий жана маданий иш-чараларга катышып, ошондой эле Шекер айылынын тарыхый-маданий мурасы тууралуу кеңири маалымат ала алышат.

Комплекстин аймагында маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган амфитеатр, улуттук маданиятты чагылдырган боз үйлөрдү тигүү үчүн аянтчалар, ошондой эле туристтердин эс алуусу жана тейлөө үчүн зарыл болгон инфраструктура жайгашкан.

Долбоорду ишке ашыруу Шекер айылынын туристтик инфраструктурасын жакшыртууга жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундарын түзүү, туризм тармагында жергиликтүү калктын киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү каралган.