Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленди
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мирлан Орозбаев, Ош шаарындагы консулдуктардын өкүлдөрү, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары катышышты.
Куттуктоо сөзүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова шаардыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө тынчтык, элге ынтымак жана бакубат жашоо каалады.
Салтанат Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Анда белгилүү ырчылар жана чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн көрсөтүп, шаар тургундарына жана конокторуна жагымдуу маанай тартуулашты.
