2027-жылы Эгемендүүлүк күнү Нарын облусунда майрамдалат
президенттин администрациясы
11 сентябрь

2027-жылы Эгемендүүлүк күнү Нарын облусунда майрамдалат

2027-жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгы Нарын облусунда майрамдалат. Бул тууралуу 11-сентябрда президент Садыр Жапаров Таласта эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жалпы кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдык маарекеси менен куттуктады.

"Көз карандысыздыктын 35 жылдыгына карата өлкөбүздө көлөмдүү иштер аткарылды. Бүгүнкү курулуштар, жаңы жолдор, энергетикалык долбоорлор, мектептер, ооруканалар, турак жайлар жана өндүрүш ишканалары – баары бир максатка багытталган. Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз, өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-сентябрда жалпы Кыргызстан боюнча онлайн форматта 100 социалдык объектти ишке киргизди:

  • 34 мектеп,
  • 28 бала бакча,
  • 12 спорттук имарат,
  • 9 саламаттык сактоо мекемеси,
  • 9 маданий объект,
  • 11 административдик имарат жана башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди.