Милиция кызматкерлери бир нече уурулук фактысына шектелген жарандарды кармашты
12 сентябрь

Милиция кызматкерлери бир нече уурулук фактысына шектелген жарандарды кармашты

2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Я.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2026-жылдын 16-июлунда болжол менен саат 02:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын биринде белгисиз адамдар ага таандык болгон «iPhone 13» жана «Redmi» үлгүлөрүндөгү уюлдук телефондорду жашыруун түрдө уурдап, белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирип, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган М.К. жана 1992-жылы туулган А.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалышты.

Кармалган жарандар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтому менен шектүүлөргө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.

Учурда кармалган жарандардын дагы алты ушундай эле уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Шектүүлөр милиция кызматкерлерине эки даана ноутбук жана кол сааттарын өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.

Тергөө иштери уланууда.