Франциялык дзюдочулар бишкектик спортчулар менен биргелешкен машыгуу өткөрүштү
Бишкек мэриясы
12 сентябрь

Франциялык дзюдочулар бишкектик спортчулар менен биргелешкен машыгуу өткөрүштү

"Дзюдо" Дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплексинде бишкектик дзюдочулар Франциядан келген Виктор Дюпаскье жана Квентин Шарль менен биргелешкен машыгуу өткөрүштү.

Франциялык спортчулар Франциядан Японияга чейин унаа менен саякатка чыгышкан. Жолдо мүмкүн болушунча көп өлкөгө барып, жергиликтүү дзюдо залдарында биргелешкен машыгууларды өткөрүп, спортчулар менен таанышып, тажрыйба алмашууну максат кылышууда.

Виктор Дюпаскье жана Квентин Шарль дзюдо менен 20 жылга жакын убакыттан бери машыгып келишет. Спортчулардын Кыргызстанга болгон кызыгуусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин пайда болуп, өлкө жана анын спорттук маданияты көңүлүн бурган.

Бишкектеги жолугушуу эки өлкөнүн спортчуларына биргелешип машыгууга, тажрыйба алмашууга жана спорттук чөйрөдө баарлашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Мындай жолугушуулар эл аралык спорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, ири спорттук иш-чаралардын Кыргызстанга болгон кызыгууну арттырууга, ошондой эле спорттук жана туристтик алаканы өнүктүрүүгө салым кошорун көрсөтөт.