Бишкектеги мектептерде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат
Жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти окуучулардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин чечимине ылайык, Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталат. Окуу жылынын биринчи күнүндө борбор калаанын мектептеринде Билим күнүнө арналган иш-чаралар, ошондой эле тарбиялык класстык сааттар өткөрүлөт.
Билим берүү департаменти ата-энелерден балдарына коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелерин алдын ала эскертип, алардын мектепке өз убагында келишин камсыз кылууну жана майрамдык иш-чаралар учурунда ден соолугунун абалына көңүл бурууну өтүнөт.
Баланы мектепке бара жаткан жолдо жана сабактар аяктагандан кийинки учурда коштоп жүрүү үчүн жоопкерчилик ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөт. Ошондой эле ата-энелерге класс жетекчи менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, мектеп тарабынан берилген маалыматтар менен өз убагында таанышып туруу сунушталат.
Билим берүү департаменти ата-энелерди жана педагогдорду окуу жылынын коопсуз жана уюшкандыкта башталышын биргеликте камсыз кылууга чакырат.
