Элдияр Тентимишов, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашкана фестивалынын уюштуруучусу: «15 өлкөнүн ашпозчусу көчмөндөрдүн даамын тартуулады»
12 сентябрь

Элдияр Тентимишов, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашкана фестивалынын уюштуруучусу: «15 өлкөнүн ашпозчусу көчмөндөрдүн даамын тартуулады»

Көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбейт. Бул ирет 15 өлкөдөн келген ашпозчулар көчмөндөрдүн улуттук ашканасын тартуулап, өз ара күч сынашты. Кыргыздын бешбармагы менен куурдагы да өзгөчө орунду ээлеген Food Zone’до конокторго түрдүү даамдарды бекер татып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Фестивалдын уюштуруучусу Элдияр Тентимишов Food Zone’дун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

— Көчмөндөр оюндарында Food Zone уюштуруунун негизги максаты эмнеде?

— Көчмөндөр оюндарында Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасынын фестивалын өткөрдүк. Ага 15 өлкөдөн ашпозчулар келип, көчмөндөрдүн улуттук тамактарын даярдап, өз ара таймашты. Негизги максатыбыз — оюндарга келген конокторго ар түрдүү даамдарды сунуштап, кыргыздын улуттук ашканасын да кеңири таанытуу. Коноктор үчүн дегустациялар да бекер уюштурулду.

— Food Zone’до кыргыздын кайсы тамактары сунушталды? Чет элдик коноктор кайсы тамакка көбүрөөк кызыгышты?

— Кыргыздын куурдагы, бешбармагы жана палоо сыяктуу тамактар сунушталды. Чет элдик коноктор өзгөчө бешбармак менен куурдакка кызыгышты.

— Фестивалда 15 өлкөнүн ашпозчулары тамактарды кандай ыкмада даярдашты?

— Негизги өзгөчөлүк — салттуу ыкмаларды заманбап сунуштоо менен айкалыштыруу болду. Ашпозчулар көчмөндөрдүн тамактарын эски ыкмада даярдап, азыркы заманбап стилде тартуулашты. Айрым тамактар таштын үстүндө жасалды. Бул көрүүчүлөр үчүн да кызыктуу болду.

— Таймаштын форматы кандай болду?

— Таймаш төрт күнгө созулду. Биринчи жана экинчи күндөрү тандоо турлары өттү. Үчүнчү күнү жарым финал, төртүнчү күнү финал болду. Жалпысынан 15 өлкөдөн 15 ашпозчу катышты. Финалга мыктылары өтүп, төрт байгелүү орун аныкталды.

— Жеңүүчүгө кандай сыйлык берилди?

— Биринчи орунга 5 миң доллар өлчөмүндө баш байге каралган.

Ар бир элдин улуттук ашканасы — анын маданиятын таанытуунун маанилүү бөлүгү. Ошол эле учурда 15 өлкөнүн ашпозчуларынын бир жерде чогулуп, көчмөндөрдүн ашканасын көрсөтүшү маданий тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.

Food Zone аркылуу Кыргызстанды улуттук даамдарыбыз менен да таанытып, конокторго унутулгус таасир калтыра алдык деп ойлойм.