Медербек Сатыев сот тутумунун кызматкерлеринин арасында мини-футбол боюнча турнирди ачты
2026-жылдын 12-сентябрында Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кубогу үчүн сот тутумунун кызматкерлеринин арасында мини-футбол боюнча турнирдин ачылыш аземи болуп өттү.
Спорттук мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 11 команда катышууда. Командалар Жогорку соттун Төрагасынын кубогу үчүн күч сынашып, спорттук чеберчилигин, командалык духун жана жеңишке болгон эркин көрсөтүшөт.
Турнирдин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев катышты.
Мелдештин катышуучуларын куттуктап жатып, Жогорку соттун Төрагасы мындай спорттук иш-чаралар сот тутумунун кызматкерлеринин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана командалык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
