Бай Лин: Заманбап Бишкектин ортосунда ат үстүндө баратканымды элестетем
12 сентябрь

Бай Лин: Заманбап Бишкектин ортосунда ат үстүндө баратканымды элестетем

Голливуд актрисасы Бай Лин Кыргызстанга сапары учурунда Көчмөндөр оюндары жана улуттук маданият менен гана таанышпастан, Бишкекте тартыла турган келечектеги тасма үчүн көрүнүштү да элестетти. Басма сөз жыйынында ал шаар, кыргыз кийимдери жана адамдардын өзгөчө жылуу мамилеси тууралуу айтып берди.

«Мен ат үстүндөгү заманбап аялдын ролун аткарууну каалайм»

Кыргызстан эл аралык кино үчүн аянтча боло алабы деген суроого Бай Лин дээрлик дароо эле келечектеги көрүнүштү сүрөттөп берди.

«Аны элестетип турам: мен Бишкекте ат минип баратам. Шаар абдан чоң, кооз, космополиттик. Мен сиздердин шаарыңызда ат үстүндөгү заманбап аялдын ролун аткарууну каалайм», – деди актриса.

Ал «Такси 3» тасмасында да ат үстүндө тартылганын эске салды.

«Сиздердин кийимдерди бүткүл дүйнө көрүшү керек»

Бай Линге кыргыздын улуттук кийимдери өзгөчө таасир калтырды.

«Костюмдарыңыздар абдан кооз, абдан модалуу. Аларды дүйнөлүк мода көргөзмөлөрүндө көрсөтүшүңүздөр керек», – деди ал.

Сапары учурунда актриса кыргыздын улуттук элементтери түшүрүлгөн кийимдерди такай кийип жүрдү.

Бай Линдин айтымында, анын америкалык катталуучуларына да жаңы образдары жаккан.

«Алар: "Вау, бул көйнөктөрдү ала кетесиңби? Кийин да киесиңби?" – деп сурашат. Албетте, мен аларды алып кетем», – деди ал.

«Бул жерде сүйүүнү сездим»

Актрисага эң күчтүү таасир калтырган нерсе – жөнөкөй адамдардын мамилеси болду.

«Адамдардан сезген сүйүү, ачык мамиле жана сонун энергия үчүн ыраазычылыгымды билдирүүгө сөз таппай жатам», – деди Бай Лин.

Ал Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жатканда жолдогу май куюучу жайдан бир аял аны таанып калганын эстеди.

«Ал: "Мен сизди тааныйм, мен сизди жакшы көрөм, сүрөткө түшөлү", – деди. Бул абдан жагымдуу болду», – деп айтып берди актриса.

Бай Линдин айтымында, ушундай эле жылуу мамилени ага балдар да, чоңдор да көрсөтүшкөн.

«Мен бул жерде баарыбыз бир үй-бүлө болуп калгандай сезип жатам», – деп мойнуна алды ал.