Дон «Дракон» Уилсон: Өлкөнүн экономикасын жолдордун абалынан билсе болот – Кыргызстанда алар эң сонун
13 сентябрь

Дон «Дракон» Уилсон: Өлкөнүн экономикасын жолдордун абалынан билсе болот – Кыргызстанда алар эң сонун

Америкалык актёр, продюсер жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон «Дракон» Уилсон Кыргызстанда 1990-жылдары да болгон. Бирок анда ал өлкөгө спортко байланыштуу себеп менен келген. Азыркы сапары ага Кыргызстанды биринчи жолу чындап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

«Биринчи жолу мен кикбоксинг үчүн гана келгем»

Уилсон биринчи сапарында Кыргызстан менен дээрлик таанышууга үлгүрбөй калганын айтты.

«Мен кикбоксинг боюнча иш-чарага келгем. Бул менин комфорт зонам болчу, анткени мен спортчумун», – деди ал.

Бул жолу сапардын негизги себеби Көчмөндөр оюндары болду.

«Мен мурда эч качан көрбөгөн нерсени көрдүм»

Мелдештер жана көчмөндөрдүн маданияты актёр үчүн жаңы тажрыйба болду.

«Мен өлкө жана көчмөндөр мурда кандай жашаганы жөнүндө көп нерселерди билдим. Ат үстүндөгү мелдештер – мен мурда эч качан көрбөгөн нерселер. Бул абдан кызыктуу болду», – деп мойнуна алды Уилсон.

«Кээ бир америкалыктар Кыргызстанды таптакыр башкача элестетиши мүмкүн»

Актёрдун айтымында, айрым америкалыктарда Кыргызстан жөнүндө эскирген түшүнүктөр дагы деле сакталып калышы мүмкүн.

«Менимче, Америкадагы кээ бир адамдар Кыргызстанды Америкага салыштырмалуу өнүкпөгөн өлкө деп эсептеши мүмкүн. Бирок мен аэропортко, заманбап имараттарга жана жолдорго абдан таасирлендим», – деп белгиледи ал.

Уилсон айрыкча жол инфраструктурасынын абалын баса белгиледи.

«Жолдорго карап өлкөнүн экономикасын баалоого болот. Ал эми бул жерде жолдор эң сонун», – деди актёр.

«Бул жерде жашап, машыгып, эт жегим келет»

Уилсон кыргыз тамак-ашы тууралуу да юмор менен айтып берди.

Катуу машыгуу режимине карабастан, ал улуттук тамактардан баш тарта албаганын мойнуна алды.

«Спортчу үчүн эт абдан маанилүү. Мен бул жерде узак жашап, машыгып, ушул даамдуу жаңы этти жегим келет», – деди Дон Уилсон.