Манас шаарындагы кампада чыккан өрттүн кесепеттери такталууда
Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүн, 12-сентябрда Манас шаарынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:43тө Манас шаардык №20 ӨК-КБдан бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өрттүн аянты чоң болгондугуна байланыштуу кошумча күчтөр тартылып, №20 ӨК-КБдан эки, №58 ӨК-КБдан бир бөлүм — жалпы үч өрт өчүрүү бөлүмү жана башкармалыктын башчысы Чынарбек Шекенов жетектеген ыкчам топ иш алып барган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, облустук жарандык коргонуунун башчысы Тилек Текебаев кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, зарыл болгон учурда кошумча күч жана каражаттарды тартуу боюнча тапшырма берген.
Учурда өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.
