Збигнев Жмудский: Айтматовдун «Ак кемеси» анимацияга эң сонун ылайык келет
13 сентябрь

Збигнев Жмудский: Айтматовдун «Ак кемеси» анимацияга эң сонун ылайык келет

«Петя и волк» анимациялык тасмасы үчүн «Оскар» сыйлыгына татыган поляк кинопродюсери Збигнев Жмудский Кыргызстанга биринчи жолу келди. Басма сөз жыйынында ал Айтматов аркылуу өлкөнү кандай элестеткенин, келгенден кийин эмне үчүн ою өзгөргөнүн жана кыргыз жазуучусунун кайсы чыгармасын мультфильм форматында көргүсү келерин айтып берди.

«Ак кемени» тандамакмын

Жмудский өзүнүн кесиптик өмүрүнүн көбүн анимациялык киного арнаган. Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасы мультфильм үчүн эң ылайыктуу болору тууралуу суроо ага өзгөчө жакын болду.

«Айтматовдун кайсы чыгармасы анимациялык тасма үчүн эң ылайыктуу болорун ойлоно баштадым. Менимче, бул "Ак кеме" болмок. Анткени анда баланын кыялы сонун чагылдырылган», – деди продюсер.

Ошол эле учурда ал Айтматовдун бардык чыгармалары менен тааныш эместигин белгиледи.

«Балким, анимацияга ылайыктуу башка да кызыктуу окуялар бардыр», – деп кошумчалады ал.

Жмудскийдин небереси «Ак кеменин» айынан ыйлаган

Продюсер кызыктуу дал келүү жөнүндө да айтып берди. Кыргызстанга келерине аз калганда кызы өзүнүн кызына уктаар алдында «Ак кеме» китебин окуп берип жатканын билген.

Жмудскийдин Айтматовдун мекенине бара жатканынан алардын кабары жок болгон.

«Неберем: "Чоң ата, бул китеп абдан кайгылуу экен, мен аябай ыйладым", – деди», – деп айтып берди кинопродюсер.

Анын айтымында, бул окуя Кыргызстан менен дагы бир эмоционалдык байланышты жараткан.

«Кыргызстанды "Биринчи мугалим" аркылуу элестетип жүргөм»

Жмудский өлкө жөнүндөгү элестөөсү көп убакыт бою Айтматовдун чыгармалары жана советтик кинематограф аркылуу калыптанганын мойнуна алды.

«"Биринчи мугалим" тасмасындагы көрүнүштү чыныгы Кыргызстан деп элестетип жүргөм. Бир аз жапайы өлкө, боз үйлөр, койчулар», – деди ал.

Кийинчерээк репортаждар аркылуу Кыргызстанды башка жагынан – тоолордун, көлдөрдүн жана кооз жаратылыштын өлкөсү катары көрө баштаган.

«Кыргызстан Польша сыяктуу эле заманбап»

Бул жакка келгенден кийин продюсердин көз карашы дагы өзгөргөн.

«Азыр мен Кыргызстанга келгенде, бул өлкө Польша сыяктуу эле заманбап экенин көрүп жатам», – деп белгиледи Жмудский.

Ошол эле учурда ал бир маанилүү айырмачылыкты байкаган.

«Польшада, тилекке каршы, салт бир аз арткы планга кетип баратат. Бул жерде ал алда канча күчтүү сакталып, колдоого алынат экен», – деди продюсер.

«Петя и волк» үчүн миллион доллар

Жмудский «Оскарга» татыган «Петя и волк» анимациялык тасмасынын бюджети тууралуу да айтып берди.

Анын айтымында, өндүрүштүн поляк бөлүгү гана болжол менен 3 миллион злотый – болжол менен 1 миллион доллар турган.

Тасманын көпчүлүк бөлүгү Польшада жаралган: ал жерде жасалгалар жана куурчактар даярдалып, тартуу иштери жүргүзүлгөн.

Британ тарабы өндүрүш чыгымдарынын бир бөлүгүнө, анын ичинде музыкага жооптуу болгон, ал эми норвегиялык адистер тасманы санариптик иштетүүгө катышкан.