Жалал-Абад облусунда 6 өнөр жай объектиси ишке берилди
12 сентябрь

Жалал-Абад облусунда 6 өнөр жай объектиси ишке берилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 6 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.

Алардын катарында:

  • Ноокен районунун Аримжан айылында “Мантай Групп” ЖЧКсынын сэндвич-панель чыгаруучу заводу;
  • Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылында “ЭлИнвест групп” ЖЧКсынын электр энергиясын өндүрүүчү объекти;
  • Таш-Көмүр шаарында “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКсынын күн электр станциясы;
  • Сузак районунда Кыргыз-Кытай биргелешкен “Маркай Көмүрү” ишканасынын көмүр кенин иштетүүчү объекти;
  • Сузак районунда Кыргыз-Кытай биргелешкен “Шахта Тулек” көмүр кенин иштетүүчү ишканасы;
  • Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы “Тегене” көмүр кени.

Жаңы өнөр жай объекттеринин ишке кириши менен өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга шарт түзүлдү.