Чүй облусунда заманбап тоок фабрикасы ишке кирип, 145 жумуш орду түзүлдү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
14 сентябрь

Чүй облусунда заманбап тоок фабрикасы ишке кирип, 145 жумуш орду түзүлдү

Москва районунун Садовое айылында «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» ЖЧКсынын заманбап тоок фабрикасы ишке киргизилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашкандай, долбоорду ишке ашырууга 450 млн сом инвестиция тартылып, ишканада 145 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Заманбап өндүрүш ишканасынын ишке кириши аймактагы айыл чарба жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары, мындай долбоорлордун ишке ашырылышы ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого өбөлгө берет.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.