«Манас» театры социалдык тармактардагы сын-пикирлерден кийин Нурчолпондун эпос аткаруусун өчүрүүгө чакырды
14 сентябрь

«Манас» театры социалдык тармактардагы сын-пикирлерден кийин Нурчолпондун эпос аткаруусун өчүрүүгө чакырды

  • Акыркы учурда социалдык тармактарда ырчы Нурчолпондун улуу «Манас» эпосуна байланыштуу аткаруусу коомчулукта кызуу талкууга түшүүдө.

  • Эң оболу, улуу Манаска элдин кайдыгер карабай, анын ар бир айтылышына, аткарылышына жана жайылтылышына кабатыр болуп жатканы кубандырат. Бул — элибиздин Манаска болгон руханий мамилесинин жана улуттук баалуулукка болгон жоопкерчилигинин белгиси.

  • Тарыхта алп манасчылардын өздөрү да эл тарабынан сындалып, алардын айтуусуна, сөзүнө жана аткаруучулук чеберчилигине коом өз баасын берип келген. Демек, бүгүнкү талкууну да Манастын кадыр-баркына болгон элдик мамиленин бир көрүнүшү катары кабыл алуу зарыл.

  • Ошол эле учурда улуу «Манас» — жөн гана чыгармачылык материал эмес. Ал кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, дүйнөтаанымын, тилин, салтын, нарк-насилин жана руханий өзөгүн камтыган улуу мурас. Ошондуктан аны заманбап форматта жайылтууда чыгармачылык эркиндик менен катар адистик жоопкерчилик да болушу керек.

  • Биздин түшүнүгүбүздө Манасты бир гана манасчылык өнөрүнүн алкагында калтырбастан, искусствонун бардык багыттарында кеңири жайылтуу — бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири.

  • Манас темасы операда, театрда, кинодо, музыкада, балетте, хореографияда, сүрөт өнөрүндө, скульптурада, архитектурада, адабиятта, заманбап визуалдык искусстводо жана башка чыгармачылык багыттарда кеңири чагылдырылышы керек. Анткени улуу эпосту канчалык көп тармакта жана ар кандай чыгармачылык формада дүйнөгө таанытсак, анын мазмунун ошончолук кеңири аудиторияга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

  • Бирок форманын жаңыланышы — мазмундун өзгөрүшү дегенди билдирбеши керек.

  • Кандай гана заманбап чыгармачылык чечим болбосун, анын негизинде Манастын руху, кыргыз элинин дүйнөтаанымы, тарыхый эс тутуму, улуттук наркы жана салттык баалуулуктары сакталышы зарыл. Манасты заманбап искусствого алып чыгуу — аны жөнөкөйлөтүү же каалагандай өзгөртүү эмес, тескерисинче, анын терең маңызын жаңы көркөм тил менен жеткирүү.

  • Манас айтуунун тарыхына кайрылсак, бул өнөр бир гана салттуу манасчылык мектеп менен чектелбестен, кыргыздын залкар акындары жана өнөр адамдары тарабынан да ар кандай формада аткарылып келгенин көрөбүз. Барпы Алыкулов, Жеңижок, Куйручуктай залкарлардын Манас айтканы элдик эс-тутумда сакталып келет. Токтогул Сатылгановдун комуздун коштоосунда Манас айтуусу, Кенжекара Калча уулунун кыл кыяктын коштоосунда Манас айтканы — улуу эпосту ар түрдүү музыкалык жана аткаруучулук мүмкүнчүлүктөр аркылуу элге жеткирүүнүн тарыхый үлгүлөрү.

  • Демек, Манасты заманбап искусствонун мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырып жайылтууга каршы пикир жок. Тескерисинче, бүгүнкү ааламдашуу доорунда улуу эпосту жаш муунга жана дүйнө коомчулугуна жеткирүү үчүн чыгармачылыктын жаңы формаларын издөөгө тийишпиз.

  • Муну азыркы чыгармачылык чөйрөдөгү жакшы мисалдар да далилдеп турат. Эстрада багытында Гүлзада Рыскулованын, Жанар Туратованын, ырчы Назминин, ошондой эле актриса, маданият кызматкери Ширин Сарыгулованын Манас айтуусу коомчулук тарабынан өзгөчө жылуу кабыл алынып келе жатканы — салттуу мурастын өзөгүн сактоо менен заманбап аткарууну айкалыштырууга болорун көрсөткөн жакшы мисалдар.

  • Ошондой эле улуу Манасты салттуулугун сактоо менен жаңыча форматта жайылтып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан бардык чыгармачыл инсандарга ыраазычылык билдиребиз. Алардын эмгеги — улуттук мурасты заманбап аудиторияга жеткирүүнүн жакшы үлгүсү.

  • Ал эми бул жолдо кандайдыр бир кемчилик же чекилик кетирилип калса, аны коомдук сындан туура жыйынтык чыгарып, мындан ары кайталабоо — ар бир чыгармачыл адамдын да, жалпы маданият чөйрөсүнүн да жоопкерчилиги.

  • Кыргыз улуттук «Манас» театры улуу Манасты бир гана сактап калууну эмес, аны искусствонун бардык багыттары аркылуу өнүктүрүп, кыргыз элине жана дүйнө коомчулугуна кеңири таанытууну өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары көрөт.

  • Биздин максат — Манасты замандын талабына ылайык жаңы формаларда жайылтуу, бирок анын руханий өзөгүн, улуттук наркын жана баалуулугун бузбоо.

  • Улуу Манаска чыгармачылык менен кайрылган ар бир демилге — колдоого татыктуу. Ал эми аны туура, терең жана жоопкерчилик менен жайылткан ар бир чыгармачыл инсанга ыраазычылык билдиребиз.

  • Манас — бир адамдын гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин руханий мурасы.

  • Аны жайылтуу — сыймык болсо, аны туура жайылтуу — чоң жоопкерчилик.

  • Бул жерде кеп Манасты ким айтканы же кайсы музыкалык багытта аткарганы жөнүндө эмес. Негизги маселе — улуу мураска кандай мамиле жасалгандыгында.

  • Аткарууда колдонулган сөздөр, музыкалык чечимдер, образ, сахналык көрүнүш жана кийим-кече да Манастын улуулугуна, кыргыз элинин салт-санаасына жана улуттук баалуулуктарына шайкеш келиши маанилүү. Коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын-пикирлердин бир бөлүгү да Нурчолпондун Манасты аткарууда тандаган кийиминин эпостун рухуна жана улуттук баалуулуктардын табиятына канчалык ылайык келгенине байланыштуу болуп жатканын белгилей кетүү зарыл.

  • Бул пикирди кимдир бирөөнү жеке айыптоо же чыгармачылык эркиндикти чектөө катары түшүнбөө керек. Тескерисинче, улуу Манаска кайрылган ар бир чыгармачыл адамдын жоопкерчилигин эске салган коомдук пикир катары кабыл алуу туура.

  • Нурчолпондун чыгармачылык аракетин да ушул өңүттөн кароо зарыл. Биз анын демилгесин же чыгармачылык аракетин толугу менен жокко чыгарууну көздөбөйбүз. Бирок «Манас» темасына кайрылган ар бир чыгарма тиешелүү адистер — манасчылар, манастаануучулар, филологдор, тарыхчылар, композиторлор, музыка ишмерлери, этнографтар жана маданият тармагынын өкүлдөрү менен кеңешилип, такталып турса, мындан да сапаттуу жана коомчулуктун көңүлүнө толгон чыгарма жаралмак.

  • Улуу мураска жасалган мамиле ар дайым аяр жана жоопкерчиликтүү болушу керек.

  • Ушуга байланыштуу, коомчулукта жаралган талкууну эске алуу менен Нурчолпондун аталган аткаруусун тиешелүү платформалардан алып салуу жана келечекте «Манас» эпосуна байланышкан чыгармачылык иштерди адистер менен кеңешип даярдоо туура кадам болот деп эсептейбиз.

  • Ошол эле учурда коомчулукту жеке чыгармачыл адамды кемсинтүүгө, мазактоого же негизсиз айыптоого чакырбайбыз. Сын — мурасты коргоого, чыгармачылыкты өркүндөтүүгө жана сапатты жогорулатууга багытталганда гана пайдалуу.