15-сентябрдан баштап Кыргызстандагы мектептерде коопсуздук чаралары күчөтүлөт
15-сентябрда Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы расмий түрдө башталат.
Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте билим берүү мекемелеринин айланасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтөт.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери балдардын жолдордогу коопсуздугун камсыздап, жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер арасында профилактикалык иштерди жүргүзүшөт.
Ички иштер министрлиги айдоочуларды мектептердин жанынан өтүүдө өзгөчө этият болууга, ылдамдыкты азайтып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Ата-энелерден балдарына жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин эскертип, үйдөн мектепке чейинки коопсуз маршрутка көңүл бурууну өтүнөбүз.
