Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3 пайызга чейин төмөндөдү
Учурда Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли болжол менен 3 пайызды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.
Ал депутат Умбеталы Кыдыралиевдин суроосуна жооп берип жатып, бул көрсөткүчтү атады.
Депутат беш жыл мурда өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли болжол менен 5,5 пайызды түзгөнүн белгилеп, анын төмөндөшүн жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишканалардын ачылышы менен байланыштырды.
Жыйында эмгек акы маселеси да талкууланды.
Чоро Сейитовдун айтымында, учурда орточо айлык акы 45-49 миң сомдун деңгээлинде.
Кыдыралиев буга чейин орточо айлык акы 17 миң 955 сом болгонун эске салды.
«Демек, өскөн. Көрсөткүчтөр жакшы. Эмне үчүн көрсөткүчтөр жакшырып жатат? Анткени экономика өсүп жатат», – деди депутат.
