Курулуш министрлиги
14 сентябрь
Ош шаарындагы №29 мектебинин жаңы корпусу пайдаланууга берилди
Ош шаарындагы №29 жалпы билим берүү мектебинин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Жаңы окуу жылына карата окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлдү. Мектеп Ош шаарындагы Ж. Мамытов көчөсүндө жайгашкан.
Долбоордун алкагында курулушу бүтпөй калган имарат реконструкцияланып, анын функционалдык багыты 275 орундуу мектепке өзгөртүлдү.
Башкы планга ылайык, мектептин курамында үч кабаттуу окуу имаратынын эки блогу каралган. Анын ичинен А-блогу толугу менен реконструкцияланды.
