ФИФАнын мурдагы арбитри Виктор Колпаков дүйнөдөн кайтты
ФИФАнын мурдагы арбитри, футбол инспектору жана насаатчы Виктор Юрьевич Колпаков дүйнөдөн кайтты. Ал бир нече ондогон жылдарды футбол калыстыгына арнаган.
Ал 68 жашта болчу. Бул тууралуу Кыргызстандын кесипкөй футбол лигасынан билдиришти.
Виктор Колпаков калыстык карьерасын 1979-жылы баштаган. Ал СССР чемпионаттарынын калысынан тартып, эл аралык ФИФА калысына чейин жетип, 1994-жылдан 2004-жылга чейин Кыргызстанды эл аралык аренада тааныткан.
1997-жылдан тартып Виктор Колпаков матчтарды инспектор катары баалап, футбол калыстары үчүн семинарларды жана окуу курстарын өткөрүп келген.
Ал Азия футбол конфедерациясынын (АФК) инспектору жана инструктору болуп иштеген. Ал эми 2008-2013-жылдары ФИФАнын инструктору болгон.
Эмгек жолунда Виктор Колпаков Кыргызстанда жана Азиянын башка өлкөлөрүндө футбол калыстарынын бүтүндөй муунун даярдаган. Анын көптөгөн шакирттери кийин эл аралык деңгээлге чыгышкан.
Ошондой эле ал Кыргызстанда футбол комиссарлары институтунун калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, тажрыйбасын жаш адистерге өткөрүп берген.
Кыргызстандын кесипкөй футбол лигасы Виктор Колпаковдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, анын ата мекендик футболду жана калыстар мектебин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.
