Эрик Ялгашев: Голливуд режиссерлору Кыргызстанга тасма тартууга жөн эле учуп келбестен, чуркап келишет
13 сентябрь

Эрик Ялгашев: Голливуд режиссерлору Кыргызстанга тасма тартууга жөн эле учуп келбестен, чуркап келишет

Америкалык режиссер, продюсер жана актер Эрик Ялгашев Кыргызстан эл аралык кино өндүрүшү үчүн чоң потенциалга ээ экенине ишенет. Ал өзгөчө Кырчынга таасирленип, аны кино үчүн даяр масштабдуу декорация деп атады.

«Кырчын – даяр кино аянтчасы»

Ялгашевдин айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулган этношаарчанын масштабы аны чындап таң калтырган.

«Биз Кырчынга абдан таң калдык. Бул – даяр кино аянтчасы. Голливудда жылдап курула турган нерсени силер эки айда куруптурсуңар», – деди режиссер.

Ал комплексти америкалык студиялардын ири аянтчалары менен салыштырды.

«Universal Studios, Warner Brothers мындай деңгээлдеги чоң декорацияларды эки жылда курушат. Ал эми бул жерде эки айда жасалды», – деп баса белгиледи Ялгашев.

«Кино тартуу үчүн бул жакка чуркап келишет»

Америкалык режиссер Кыргызстандын потенциалын эл аралык кинематографисттер көргөндөн кийин, тасма тартууга болгон кызыгуу кескин жогорулайт деп ишенет.

«Алар бул жакка учуп гана келбестен, чуркап келишет. Менимче, силердин Кырчында, Бишкекте, жалпы эле бүткүл республикада дагы бир нече тасма тартылат», – деди ал.

Режиссер Ысык-Көлдү да өзгөчө белгилеп өттү.

«Кандай сонун көл! Бул – дүйнөнүн кереметтеринин бири. Көл асман менен биригип кеткендей туюлат», – деди Ялгашев.

Алтынбек Максутов Голливудга чакыруу алды

Эрик Ялгашев кыргыз режиссеру Алтынбек Максутовду АКШга чакырганын билдирди.

«Мен Алтынбекти Голливудга чакырдым. Ал жерде америкалык режиссерлорго, продюсерлерге жана кино ишмерлерине мастер-класс өткөрөт», – деди ал.

Мындай кызыгуунун себептеринин бири – Кыргызстанда кыска убакыттын ичинде аткарылган масштабдуу постановкалык иштер.

«Бир эле эмес, бир нече тасма тартабыз»

Ялгашев биргелешкен кино өндүрүшүн өнүктүрүү ниетин да ырастады.

«Долбоорду ишке ашыргыбыз келет, азыр талкуулап жатабыз. Ошондуктан сөзсүз түрдө бир эмес, бир нече долбоор, бир эмес, бир нече тасма тартабыз», – деди ал.

Ошондой эле ал келечектеги тасмаларга Наталия Аринбасарова жана голливуддук актерлор катышышы мүмкүн экенин айтты.

«Голливуддан жана А-класстагы актерлорду көбүрөөк алып келебиз», – деди режиссер.

«Эдриен Броуди бул жакка келүүнү кыялданат»

Ялгашев потенциалдуу коноктордун арасынан «Оскар» сыйлыгынын эки жолку лауреаты Эдриен Броудини өзгөчө белгиледи.

«Эдриен Броуди бул жакка келүүнү кыялданат. Мен аны Казакстанга беш жолу алып келгем», – деди режиссер.

Ялгашевдин айтымында, бул сапардан кийин да ал Кыргызстанга келип, бул жерде эл аралык долбоорлорду өнүктүрүүнү улантууну көздөп жатат.