Ташкентте Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрүнүн бизнес-миссиясы өтүүдө
Ташкент ш., 2026-жылдын 19-июлу – «Экспорттук акселерация» программасынын алкагында ата мекендик текстиль жана тигүү тармагынын өндүрүүчүлөрүнүн үч күндүк бизнес-миссиясы (19–21-июль) башталды.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору мамлекеттик мекемеси жана Текстилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.
Бизнес-миссияга экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө кызыкдар болгон өлкөнүн 35тен ашык текстиль жана тигүү ишканаларынын 52 өкүлү катышууда.Бизнес-миссиянын башкы максаты — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн Өзбекстандын рыногуна чыгуусуна көмөктөшүү.
Бизнес-миссиянын алкагында делегация даяр кийим өндүрүүчүлөрүн жана жеткирүүчүлөрүн бириктирген эл аралык TFT Expo 2026 B2B көргөзмөсүнө катышты. Катышуучулар көргөзмөнүн экспозициясы менен таанышып, тармактагы заманбап тенденцияларды изилдеп, потенциалдуу өнөктөштөр менен алгачкы ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле ишкерлер Өзбекстандагы алдыңкы маркетплейстердин бири болгон Uzum Market компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анын заманбап логистикалык борборуна барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар фулфилмент системасы, кампалык инфраструктура менен кеңири таанышып, кыргыз продукциясын онлайн-платформа аркылуу жайгаштыруу жана сатуу боюнча практикалык маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, бизнес-миссиянын алкагында ата мекендик төрт ишкерге Өзбекстанда юридикалык жактарды каттоодо көмөк көрсөтүлдү. Бул аларга өлкөдө ишмердүүлүгүн баштоого жана Uzum Market маркетплейси аркылуу продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк берет.
Үч күндүк программанын алкагында тажрыйба алмашуу жана түз өндүрүштүк кызматташууну өнүктүрүү максатында делегациянын катышуучулары Өзбекстандын ири текстиль ишканаларына, анын ичинде «Уз Текс» жана Indigo Garments фабрикаларына барышты.
