Бишкекте Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары жолукту
КР ТИМ
22 июль

Бишкекте Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2026-жылдын 22–23-июль күндөрү Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженковдун Кыргызстанга расмий сапары өтүүдө.

КР ТИМден кабарлашкандай, сапардын биринчи күнү — 22-июлда эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын расмий сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Тараптар өлкөнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин президенттеринин, парламенттеринин жана өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги үзгүлтүксүз байланыштарды камтыган саясий диалогдун жогорку динамикасы өзгөчө белгиленди. Ушул өңүттө маектештер буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгып, кыргыз-беларусь мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн практикалык бөлүгү алдыдагы иш-чаралардын графигин тактоого жана өз ара кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого арналды. Тактап айтканда, соода-экономикалык багытта Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү, ал эми тышкы иштер министрликтери тарабынан кезектеги министрликтер аралык консультацияларды уюштуруу маселелери талкууланды.

БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ушул алкакта Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министри кыргызстандык кесиптешин Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Эл аралык кызматташтык маселесин улантуу менен М\министр Ж.Кулубаев беларусь тарапты 2027-жылы өтө турган Экинчи Тоо саммитинин ишине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Беларусь тышкы иштер министри М.Рыженков министр Ж.Кулубаевди өзү үчүн ыңгайлуу болгон убакта Беларусь Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.