Кыргызстанда 27 миңден ашуун бала кыска мөөнөттө болуу бөлүмдөрүнөн жардам алды
27 ноябрь

Кыргызстанда 27 миңден ашуун бала кыска мөөнөттө болуу бөлүмдөрүнөн жардам алды

Кыргызстанда 27 миңден ашуун бала кыска мөөнөттө болуу бөлүмдөрүнөн жардам алды, деп билдирет ММКФ.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын 81 стационарында балдар үчүн кыска мөөнөттө (бир суткага чейин) болуу бөлүмдөрү иштейт, алар 24 сааттын ичинде 16 жашка чейинки балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө арналган (мектеп окуучулары — окуусун бүткөнгө чейин, бирок 18 жаштан жогору эмес).

Ыкчам маалыматтар боюнча январь-сентябрда 27 ми 809 балага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бөлүм узак госпиталдаштырууну талап кылбаган бейтаптарды дарылоого багытталган. Бейтаптардын негизги үлүшүн 6 жашка чейинки курактагы балдар — 70%ды, анын ичинде 1 жашка чейинки ымыркайлар — 13%ды түзөт. Бул көрсөткүчтөр былтыркы жылдын деңгээлинде калууда.

Балдар бул бөлүмдөргө оорулардын түзүмүндө 60%ы терапиялык учурларды, ал эми 40%ы — хирургиялык кийлигишүүлөрдү жаа манипуляцияларды түзөт.

Кыска мөөнөттө болуу бөлүмдөрү тез арада сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, ооруканалардын жүгүн азайтууга жана кичинекей бейтаптарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.