Сүйүнчү! Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди
Шаардык перинаталдык борбордо 3-июлда кесарево жолу менен үч эм жарык дүйнөгө келди.
Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 33 жумалыгында эрте толгоо коркунучу менен борборго келип түшкөн. Бул анын экинчи жолку кош бойлуулугу.
Кыздар 2370,0 г., 2080,0 г., 2100,0 грамм салмакта төрөлдү.
Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу.
