Кыргызстанда 9-майда «Өлбөс полк» акциясы өтөт
15 апрель

Кыргызстанда 9-майда «Өлбөс полк» акциясы өтөт

Кыргызстанда 9-майда «Өлбөс полк» акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде генерал-полковник Абдыгул Чотбаев билдирди. 

Ал Бишкекте парад 8-майда өтө тургандыгын эске салды, анткени Москвадагы парадга мамлекет башчысы жана өлкөнүн жогорку өкүлдөрү чакырылган.

«Ошондуктан парадды 8-майда өткөрүү чечими кабыл алынды, мында турган эч нерсе жок», – деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде «Өлбөс полк — Кыргызстан» кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина жүрүш кадимки режимде өтө тургандыгын айтты: жүрүш Түштүк дарбазада саат 9:00дө башталат. 

Маршруту: Түштүк дарбазадан Байтик Баатыр көчөсү менен, андан ары Абдрахманов көчөсү менен, Фрунзе көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин.

Хайбуллина жүрүш өлкөнүн бардык регион, шаар жана айылдарында өтөрүн кошумчалады.