Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгынан кийин Улуттук госпиталдын жана Республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү толук кандуу жанданып, бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда.
Учурда күнүнө 2-3төн операция жасалып жатканын Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиев билдирди.
Республикалык диагностикалык борбордо Жүрөктүн тубаса кемтиктеринин хирургиясы жана Жүрөктүн пайда болгон кемтиктеринин хирургиясы жана коронардык хирургия бөлүмдөрүнүн дарыгерлери иштеп жатышат. Ал эми Улуттук госпиталда Органдарды трансплантациялоо жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигин хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери иш алып барышууда.
12-марттан баштап бейтаптарды Улуттук госпиталга жаткыруу башталат.
Институттун директорунун айтымында, институттун балансында 111 позициядан турган жабдуулардын 100дөн ашыгы техникалык текшерүүдөн өтүп, колдонууга даяр.
Учурда эки жабдуунун абалы такталууда.
Ошондой эле, өрттүн кесепетинен жабыркаган эмес деп аныкталган эки Эхокардиография аппаратынын бири Улуттук госпиталга, экинчиси Республикалык диагностикалык борборго орнотулду. Белгилей кетчү жагдай, бул аппараттар институттун өрт чыккан жер төлөсүндөгү бөлмөлөрдө турчу.
Операцияларды кан жана анын компоненттери менен камсыздоо маселеси Республикалык кан борбору менен түзүлгөн келишим аркылуу чечилди.
