Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды
Ош облусунун Өзгөн шаарында бүгүн, 17-октябрда Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, сот тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Заманбап имарат мамлекеттик каржылоо менен курулуп, жалпы аянты 6345 чарчы метр жер тилкесинде жайгашат.
Ал эми имараттын өзү 2760 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Имаратта 50дөн ашуун бөлмө, 8 сот залы жана судьялар үчүн бардык шарттар каралган кызматтык бөлмөлөр болот.
Жаңы административдик имарат сот органдарынын ишин жакшыртууга, кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
