Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүлдү
8 май

Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүлдү

2025-жылдын 7-майында Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Турдубай Саматовдун демилгеси менен Улуу Ата Мекендик согуштун тылдагы ардагерлеринин абалын сурап, аларга урмат көрсөтүү максатында иш-чара уюштурулду.

Баткен районунун Рават айылында жашаган 1920-жылы туулган Абдиламитова Асал жана Жаңы-Бак айылында жашаган 1921-жылы туулган Мураталиева Чайпан чоң энелердин үйлөрүнө милиция кызматкерлери барып, алардын ден соолугун сурап, 9-Май — Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты.

Бул иш-чаранын негизги максаты — тарыхты унутпай, ардагерлерге болгон урмат-сыйды көрсөтүү жана жаш муунга патриоттук тарбия берүү болуп саналат.