Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча тендердин биринчи баскычы аяктады
15 апрель

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча тендердин биринчи баскычы аяктады

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча тендердин биринчи баскычы аяктады, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Лебединовка ГЭСи — Аламүдүн ГЭСтер Каскадынын эң ири станциясы — 1943-жылдан бери иштеп келип жатат. Көптөгөн жылдар бою станция тынымсыз иштеп, учурдагы жана капиталдык оңдоолор жүргүзүлүп келген. Орнотулган кубаттуулугу 7,6 МВт болгон станция жылына орто эсеп менен 33 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрүп келген. Бирок убакыттын өтүшү менен жабдуулар эскирип, кубаттуулугу төмөндөй баштаган.

Реконструкциялоо долбоору Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) грантынын негизинде каржыланууда.

Финансылык макулдашууга 2023-жылдын 2-мартында кол коюлган.

2024-жылы Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо башталганга чейин аны ишке жарактуу абалда кармап туруу максатында №1 гидроагрегатка капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Реконструкциялоо долбоорунун максаттары төмөнкүлөр:

• Орнотулган кубаттуулукту 7,6 МВттан 10 МВтка чейин жогорулатуу;

• Жылдык электр энергиясын өндүрүүнү 56%га көбөйтүү – 53,5 млн кВт·саатка чейин;

• Станциянын пайдалуу иш коэффициентин 90%га жеткирүү;

• Жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу;

• Станциянын иштөө мөөнөтүн 30–40 жылга узартуу.

2025-жылдын 23-январында реконструкциялоо боюнча башкы подрядчыны тандоо үчүн тендердин биринчи баскычы башталган. Ага 9 эл аралык компания катышкан. Учурда биринчи баскычы аяктады: катышуу укугун, компаниялардын тажрыйбасын жана техникалык документтерди тастыктаган материалдар бааланды. Түзүлгөн отчет ЕРӨБгө макулдашууга жөнөтүлдү.

Экинчи баскычта алдын ала тандоодон өткөн катышуучулардын техникалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү кененирээк бааланат. Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону 2027-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда.