Рыскулова: Жеке нотариустардын баары Бишкек же Ошто иштегиси келет, аймактар бош калды
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети Юстиция министрлиги тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун кароодо. Анда Кыргызстанды эл аралык нотариалдык биримдикке киргизүүгө жана анын нормаларына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунда республикадагы нотариустардын санын кыскартуу, алардын стажировка мөөнөтүн узартуу нормалары камтылган.
Депутат Карим Ханджеза: «Нотариалдык палата канча убакытта бир жеке нотариустарды текшерүүгө алат?» – деп сурады.
Нотариалдык палатанын төрайымы Сымбат Рыскулова палата мыйзам долбоорун колдой турганын билдирип, бүгүнкү күндө нотариустардын баары Бишкекте же Ошто иштөөнү каалай турганын, мындан улам аймактарда жетишсиз болуп жатканын айтты.
«Бүгүнкү күндө Бишкекте 182, ошто 48 жеке нотариус иштейт. Алар лицензия алгандан кийин бир жылдан соң биз тараптан текшерүүгө алынат. Дагы төрт жылдан кийин Юстиция министрлиги текшерет», – деди Рыскулова.
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, нотариус болууну каалаган адамда үч жылдык юридикалык стаж болушу керек, бирок нотариалдык тажрыйбасы болбой калышы мүмкүн эмес. Ал белгилегендей, республикада нотариустардын тең салмактуулугу сакталган эмес. Айрым аймактарда бир нотариуска 30-40 миң адам туура келет. Мына, ушундай көрүнүштөрдү жоюу максатында, мыйзам долбоорунда квоталаштыруу сунушталып жатат.
