Социалдык тармактарда учурдагы энергетика министри тагынган кол саат талкууга түштү
видеодон алынган кадр
22 июль

Социалдык тармактарда учурдагы энергетика министри тагынган кол саат талкууга түштү

Социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын энергетика министринин кол сааты талкууланууда.

Колдонуучулар жарыяланган сүрөттөрдөгү аксессуар сырткы көрүнүшү боюнча Breitling Navitimer коллекциясындагы моделдердин бирине окшош экенине көңүл бурушууда.

Окшош белгилер катары рельефтүү айланма безель, эсептөө шкаласы, ачык түстөгү циферблаттагы кара кошумча эсептегичтер жана ак тигиштүү кара булгаары боо көрсөтүлүүдө.

Бул коллекциядагы оригиналдуу сааттардын расмий дүкөндөрдөгү баасы корпусунун өлчөмүнө жана модификациясына жараша болжол менен 9,5 миңден 10,7 миң АКШ долларына чейин, башкача айтканда, 850–950 миң сомдун тегерегин түзөт.

Ошол эле учурда сүрөттөрдүн негизинде сааттын маркасын, так моделин жана анын оригинал же жасалма экенин ишенимдүү аныктоо мүмкүн эмес.

Министрдин өзү же Энергетика министрлиги бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Ошондой эле бул окшош дизайндагы башка модель же реплика болушу да мүмкүн.