Токмокто чет элдик жарандар иштеген ишканаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Чүй ОИИББ
22 июль

Токмокто чет элдик жарандар иштеген ишканаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токмокто чет элдик жарандар иштеген ишканаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүдө жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданиятын кармануу, коомдук тартипти жана тынчтыкты бузбоо, ошондой эле ишканалардагы ички тартип жана коопсуздук эрежелеринин талаптарын так аткаруу зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан тышкары, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, зарыл болгон учурда өлкөдөн чыгаруу (депортациялоо) чаралары колдонулары эскертилди.