Ошто мыйзамсыз жана башаламан соода кылгандарга айып салынды
22 июль

Ошто мыйзамсыз жана башаламан соода кылгандарга айып салынды

Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерде мыйзамсыз жана башаламан соода-сатык жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Рейддин жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталып, алар боюнча КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык административдик протоколдор түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү айып пулдар салынды.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы жарандарды жана соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адамдарды мыйзам талаптарын так сактоого, соода-сатыкты атайын уруксат берилген жерлерде гана жүргүзүүгө чакырат.