Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу калыбына келтирилди
видеодон алынган кадр
22 июль

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу калыбына келтирилди

22-июль, саат 10:00дө Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун нөшөрлүү жаандан улам суу жууп кеткен 208-чакырымы калыбына келтирилип, каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашты.

Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, "China Road" ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган.