Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолукту. Кандай чечимдер кабыл алынды?
22 июль

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолукту. Кандай чечимдер кабыл алынды?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен объектти алдыда күтүлүп жаткан реконструкциялоо маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Свердлов районунун прокурору, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын 1-августунан тартып базарды реконструкциялоо планы талкууланды. Бул иштер шаардык чөйрөнү көрктөндүрүү жана өнүктүрүү алкагында жүргүзүлөт. Ишкерлерге базардын айланасында жайгашкан жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталды.

Мэр Айбек Джунушалиев муниципалитет жүргүзүп жаткан иштер шаардын көрүнүшүн жаңылоого жана тартипти чыңдоого багытталганын белгиледи.

"Мадина" базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада  көрктөндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары эч кандай бузулбашы зарыл, – деди калаа башчысы.

Жыйындын жыйынтыгында ишкерлердин өкүлдөрү бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн  комиссия  түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, үч күндүн ичинде комиссияны түзүүнү тапшырды. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт.

Комиссиянын курамына ишкерлердин жети өкүлү, ошондой эле мэриянын, акимиаттын, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, юридикалык бөлүмдөрдүн жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Комиссия бардык маселелерди ар тараптуу карап чыгып, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алат.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар учурдагы соода жайларын жана сунушталган жаңы орундарды биргелешип көрүп чыгышып, жайгашуу шарттары менен жеринен таанышып, пайда болгон суроолорду талкуулашты.