Нарын шаардык мэриясы
22 июль
Нарында панорамалык аянтча көркөндүрүлүп, 238 метрлик тепкич жарыктандырылат
Нарында РТС аймагындагы панорамалык аянтча көрктөндүрүлөт. Мындай тапшырманы Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев берди.
Калаа башчысы тоо боорундагы тепкич жолду жарыктандырып, айланасында коопсуздукту, тазалыкты сактоо чараларын уюштурууну тапшырды.
Ошондой эле таштанды таштоочу челектерди коюу, тепкичтин жанындагы көпүрөнү оңдоону тапшырып, панорамага өзгөчө инфраструктура түзүү боюнча ишкерлер менен иштешүүнү тапшырды.
Бул Нарын шаардык мэриясынын туризмге багытталган инфраструктуралык долбоору Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында курулду. Тепкич жолдун узундугу 238 метрди түзөт.
