Бишкекте жаш сүзүүчүлөр арасында таймаш башталды
Бишкек мэриясы
22 июль

Бишкекте жаш сүзүүчүлөр арасында таймаш башталды

Бишкек шаарында жашаган 2010–2015-жылдары туулган балдардын арасында муниципалдык аймактык башкармалыктары (МАБ) өкүлдүк кылган катышуучулар үчүн сууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги башталды. Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи 2026-жылдын 21-июлунда «Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өттү.

Катышуучуларга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Канатбек Маматов куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаш спортчуларга өз күчүнө ишенүүнү жана жаңы жеңиштерди каалады. Ал спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу тартипке үйрөтүп, ден соолукту чыңдап, ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн ачууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы балдар жана массалык спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, шаар тургундары үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга бардык шарттарды түзүп жатканын айтты.

20-июлдан 25-июлга чейин өтө турган алты күндүк мелдеште 2010–2015-жылдары туулган 128 жаш спортчу алты жаш курактык категория боюнча байгелүү орундар үчүн күч сынашат.

Биринчилик муниципалдык аймактык башкармалыктардын командаларынын арасында өткөрүлөт. Катышуучулар 25 метр аралыкты эркин сүзүү ыкмасы менен багындырып, жеңүүчүлөр финалдык сүзүүлөрдө көрсөтүлгөн эң мыкты убакыт боюнча аныкталат. Мелдештер World Aquatics уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Сууда сүзүү федерациясынын техникалык эрежелерине ылайык өткөрүлүүдө.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин дипломдору жана медалдары менен сыйланышат.

Биринчи мелдеш күнүнүн жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүлөр болду:

2011-жылы туулган кыздар арасында:
- I орун — Жоомартова А. (25,52 сек.);
- II орун — Бекмурзаева Ж. (25,78 сек.);
- III орун — Үсөнова А. (26,30 сек.).

2011-жылы туулган балдар арасында:
- I орун — Кушнер Я. (11,99 сек.);
- II орун — Асыранкулов (13,03 сек.);
- III орун — Шайыкбеков И. (14,17 сек.).

2010-жылы туулган кыздар арасында:
- I орун — Кубанычбекова А.  (17,76 сек.);
- II орун — Темирбекова Ж.  (30,99 сек.);
- III орун — Кудайбердиева М.  (33,01 сек.).

2010-жылы туулган балдар арасында:
- I орун — Эгенбергенов Н. (16,00 сек.);
- II орун — Токуров Б. (19,15 сек.);
- III орун — Джумабеков Б. (21,08 сек.).