Баткенде чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
22 июль

Баткенде чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагында чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаранды аныкташты.

Укук бузгандарга 11 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Министрлик жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз чогултуу жана пайдалануу мыйзам бузуу болуп саналарын жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин эскертет.