Таиланддан Кыргызстанга эл аралык почта аркылуу баңгизат ташууга аракет кылгандар кармалды
КР ИИМ
22 июль

Таиланддан Кыргызстанга эл аралык почта аркылуу баңгизат ташууга аракет кылгандар кармалды

КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Таиланд Королдугунан Кыргыз Республикасына эл аралык почта аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү каннабис тобундагы баңгизаттарды ташып келүү каналын уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотушту.

Атайын жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын почта бөлүмдөрүндө 1980-жылы туулган Т.Б.О. жана 1989-жылы туулған Ч.Н. аттуу жарандарды кармаган.

Кармалгандардын жанынан Таиланд Королдугунан келген марихуана баңги зат каражаты алынган. Баңгизаттын жалпы салмагы 7 килограмм 560 граммды түзгөн.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 400 миң АКШ долларынан ашмак. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы баңгизат партиясы Казакстан Республикасына мыйзамсыз өткөрүү үчүн каралгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды тактоого, ошондой эле баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн башка каналдарын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.